Редакцияот 21.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2025-жылдын 21-январы № 21

"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 261-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 5-статьянын төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"аскер кызматчыларын жана укук коргоо органдарынын өздүк курамын, өрттөн куткаруу бөлүмдөрүнүн өздүк курамын, аскерге чакырылганга чейинки курактагы жаштарды аскердик-прикладдык дене тарбия жагынан даярдоо;";

2) төмөнкүдөй мазмундагы 181-статья менен толукталсын:

"181-статья. Өрттөн куткаруу бөлүмдөрүнүн өздүк курамын аскердик-прикладдык дене тарбия жагынан даярдоо

Өрттөн куткаруу бөлүмдөрүнүн өздүк курамын аскердик-прикладдык дене тарбия жагынан даярдоо алар тарабынан өрттөн куткаруу иш-чараларынын аткарылышын камсыз кылууга жана өрттөн куткаруу ишине даярдык деңгээлин жогорулатууга багытталууга тийиш.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 24-январындагы № 5 (3661)  жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

 

2024-жылдын 12-декабрында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган