Редакцияот 29.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VIII чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз I сессиясы

 

2024-жылдын 29 ноябры  №1/4 

 

 

Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Соң-Көл” жалпы орто билим берүү мектебинин көмүрканасын салуу жана суу түтүктөрүн орнотуу, от жаккычын  капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча дем берүүчү (үлүштүк) грант

3 341 533 (үч миллион үч  жүз кырк бир миң беш жүз отуз үч) сомдун 25% пайыздык өздүк салымын которуу жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлиги тарабынан  конкурсттук негизде берилүүчү дем берүүчү (үлүштүк) грант менен Сары-Булак  айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Соң-Көл” жалпы орто билим берүү мектебинин көмүрканасын салуу жана суу түтүктөрүн орнотуу, от жаккычын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн Назаров Адылбек Жапаркуловичтин  маалыматын угуп жана талкуулап,  депутаттардын Сары-Булак айылдык кенеши токтом кылат:

 

1. Сары-Булак  айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Сон-Кол” орто мектебинин көмүрканасын салуу жана суу түтүктөрүн орнотуу, от жаккычын  капиталдык оңдоодон өткөрүү   үчүн 3 341 533 (үч миллион үч  жүз кырк бир  миң беш жүз отуз үч)  сомдук сметалык долбоору жасалганы белгиленсин.  

2. Сары-Булак  айыл аймагынын айыл өкмөтү  25% пайыздык өздүк салымы үчүн 

835 383 (сегиз  жүз отуз беш миң үч жүз сексен үч) сом акча каражатын Сары-Булак айыл өкмөтүнүн  2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен которулуп берилсин.

 

3. Бул каражаттын максаттуу чыгымдалышын Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы

К. Музуралиевге милдеттендирилсин.

 

4. Көзөмөлгө алуу жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы

М. Асанбаевге  жана айылдык Кенешинин экономика жана бюджеттик туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Төрага

Ч.Э. Бейшеев