Редакцияот 29.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VIII чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз I сессиясы

 

2024-жылдын 29 ноябры  №1/5   

Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Наристе-Ак-Кыя” бала бакчасынын имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча дем берүүчү (үлүштүк) грант 3 400 094 (үч миллион төрт жүз  миң токсон төрт) сомдун 25% пайыздык өздүк салымын которуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлиги тарабынан  конкурсттук негизде берилүүчү дем берүүчү (үлүштүк) грант менен Сары-Булак  айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Наристе-Ак-Кыя” бала бакчасынын имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн Багышова Аиданын маалыматын угуп жана талкуулап,  депутаттардын Сары-Булак айылдык кенеши токтом кылат:

 

1. Сары-Булак  айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Наристе-Ак-Кыя” бала бакчасынын имаратын  капиталдык оңдоодон өткөрүү   үчүн 3 400 094 (үч миллион төрт жүз  миң токсон төрт)  сомдук сметалык долбоору жасалганы белгиленсин.  

2. Сары-Булак  айыл аймагынын айыл өкмөтү  25% пайыздык өздүк салымы үчүн 

850 023 (сегиз  жүз элүү миң жыйырма үч) сом акча каражатын Сары-Булак айыл өкмөтүнүн  2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен которулуп берилсин.

 

3. Бул каражаттын максаттуу чыгымдалышын Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы

К. Музуралиевге милдеттендирилсин.

 

4. Көзөмөлгө алуу жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы

М. Асанбаевге  жана айылдык Кенешинин экономика жана бюджеттик туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага

Ч.Э. Бейшеев