ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Төбө Айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги ХХII-сессиясынын
2023-жылдын 3-октябры № 29/2
Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө 2023-жылда Республикалык бюджеттен, салыктын түшуп кетүүсүнө бөлүнгөн кошумча максаттуу трансфертти сметанын планына киргизүү жөнүндө
Бюджет боюнча туруктуу комиссиянын 02.10.2023-жылдагы № 5-протоколунун негизинде Үч-Төбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө 2023-жылдын 3-кварталына карата салыктын түшүп кетүүсүнө республикалык бюджеттен кошумча каржыланган максаттуу трансферт акча каражатын планга киргизип берүү жагы каралсын.
( мин сом )
К/н | Берененин аталышы | берене | бардыгы | 3-квартал | |
көбөйтүү | азайтуу | ||||
1 | Максаттуу трансферт | 13321200 | 76,5 | 76,5 |
|
| бардыгы |
| 76,5 | 76,5 |
|
2. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин сметасынын атайын каражаттар эсебинин чыгаша бөлүгүнө төмөндөгү беренелердин планга өзгөртүү киргизип берүү жагы каралсын.
К/н | Аталышы | Берененин аталышы | берене | бардыгы | 3-квартал | |
көбөйтүү | азайтуу | |||||
1 | Эконом маселелер | Ар түрдүү чыгымдар үчүн | 22154900 | 76,5 | 76,5 |
|
|
| бардыгы |
| 76,5 | 76,5 |
|
3. Жогорудагы акча каражатын 2023-жылдын 3-кварталына бекитилген сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин Алай финансы башкармалыгынан суралсын.
4. Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы Ж.Тажибаев жана финансы экономикалык бөлүмдүн башчысы Н.Мадакимовго милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңештин бюджеттик комиссиясынын төрагасы Э.Өмүрзаковго жүктөлсүн.
Төрага | Асантай уулу А |