ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Төбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХIII сессиясынын
2023-жылдын 11-октябры № 30
Үч-Төбө айыл аймагындагы №6 Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун жүргүзгөн иштери жана жалпы медицина тармагынын элге кызмат көрсөтүүдөгү ишинин абалы жөнүндө
Үч-Төбө айыл Кеңешинин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын жана №6 ҮДТнун жетекчиси Н.Садированын маалыматтарын угуп жана талкуулап Үч-Төбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Төбө айыл аймагындагы №6 Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун жүргүзгөн иштери жана жалпы медицина тармагынын элге кызмат көрсөтүүдө алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленсин.
2. Отурумда айтылган сын сунуш пикирлер эске алынып,калкка медициналык жактан кызмат көрсөтүүнү дагы жакшыртуу жана калкты жогорку дегээлде тейлөөнү камсыз кылуу иштерин алып баруу жагы №ҮДТ нун жетекчиси Н.Садировага тапшырылсын
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | Асантай уулу А |