Редакцияот 11.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

 

Үч-Төбө айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХIII-сессиясынын

 

 

 

2023-жылдын 11-октябры № 31

 

 

Айыл өкмөтүнүн аймагында аз камсыз болгон үй бүлөлөрдү аныктоо, аларга даректүү колдоо көрсөтүү боюнча иш аракеттер жөнүндө

 

Үч-Төбө айылдык кеңешинин Социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын айыл өкмөтүнүн аз камсыз болгон үй бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга көргөн камкордугу тууралуу маалыматын жана соцкызматкер Өмүрбек кызы Мунаранын билдирүүсүн угуп, талкуулап Үч-Төбө айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн калкты социалдык жактан коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.

2. Аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн так тизмесин түзүү, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жакындан жардам алуусуна өбөлгө түзүү жагы айыл өкмөтүнүн соцкызматкери Өмүрбек кызы Мунарага милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ж.Суранбаевге жүктөлсүн.

 

 

              

Төрага:

 Асантай уулу А