Редакцияот 20.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык кеңешинин V-чакырылыш кезексиз III-сессиясы

 

2024-жылдын 20-декабры № 6

 Кадамжай шаардык мэриясынын 2024-жылдын 20-декабрындагы 01-07/2408 чыгыш номериндеги “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен субкредиттик жана субгранттык макулдашууларды түзүүсүнө макулдук берүү тууралуу” кайрылуусу жөнүндө

 

Кадамжай шаардык кеңеши Кадамжай шаардык мэриясынын 2024-жылдын 20-декабрындагы 01-07/2408 чыгыш номериндеги “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен субкредиттик жана субгранттык макулдашууларды түзүүсүнө макулдук берүү тууралуу” кайрылуусун  шаардык кеңешинин депутаттарынын кошмо жыйыны карап чыгып, талкуулап

 

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  1. Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасынын суу секторунун туруктуулугун жогорулатуу программасынын алкагында Кадамжай, Таш-Көмүр, Көк-Жангак жана Айдаркен шаарларынын чакан долбоорлору” долбоорунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы №619-т тескемесин ишке ашыруу максатында, Кадамжай шаардык мэриясынын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен 2 000 000 (эки миллион) евро субгранттык жана 2 000 000 (эки миллион) евро субкредиттик макулдашууларды түзүүсүнө макулдук берилсин.
  1. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановко жүктөлсүн.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

К.Дастиров