Редакцияот 30.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык кеңешинин V-чакырылыш кезексиз IV-сессиясы

 

2024-жылдын 30-декабры № 7

 Кадамжай шаарынын аймагындагы “Ромашка” балдар бакчасынын ачылышына байланыштуу керектелүүчү жабдыктар, мебель жана инвентарь камсыздап берүүгө жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

 

Кадамжай шаардык кеңешинин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып, Кадамжай шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  1. Шаардын аймагындагы “Ромашка”балдар бакчасынын ачылышына байланыштуу керектелүүчү жабдыктар, мебель жана инвентарь алууга жергиликтүү бюджеттен 780 000 (жети жүз сексен миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
  1. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановко милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
  1. Ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин. 

Төрага

К.Дастиров