Редакцияот 30.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык кеңешинин V-чакырылыш кезексиз IV-сессиясы

 

2024-жылдын 30-декабры № 8

 Кадамжай шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-ноябрындагы №161 токтомуна өзгөртүү жана кошумча киргизүү жөнүндө

 

Кадамжай шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап, Кадамжай шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

Кадамжай шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-ноябрындагы №161 токтомунун 1,2,4-пункттары төмөндөгүдөй болуп окулсун:

 

  1. Кадамжай районунун жалпы дарыгерлик практика борборуна керектелүүчү жабдыктарды алууга жергиликтүү бюджеттен 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
  1. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановко милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
  1. Ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин. 

Төрага

К.Дастиров