Редакцияот 30.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык кеңешинин V-чакырылыш кезексиз IV-сессиясы

 

2024-жылдын 30-декабры № 9

 Кадамжай шаардык мэриясынын 2025-жылга карата Кадамжай шаарынын жарандарын социалдык маселелерин канааттандыруу максатында жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участок менен камсыздоо боюнча программасын бекитүү жөнүндө

 

Кадамжай шаардык кеңешинин жер, курулуш, транспорт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 34-беренесине негиз, Кадамжай шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  1. Кадамжай шаардык мэриясынын 2025-жылга карата Кадамжай шаарынын жарандарын социалдык маселелерин канааттандыруу максатында жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участок менен камсыздоо боюнча программасы бекитилсин.
  1. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановко милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жер, курулуш, транспорт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
  1. Ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин. 

Төрага

К.Дастиров