КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин V-чакырылыш кезексиз IV-сессиясы
2024-жылдын 30-декабры № 10
Шаардын аймагындагы Металлург көчөсүнүн №15 үйүнүн жер төлөөсүнө муниципалдык машыгуучу жай ачуу үчүн оңдоп-түзөө жана капиталдык ремонттон өткөрүү иштерине жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңешинин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 27-беренесине негиз, Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Шаардын аймагындагы Металлург көчөсүнүн №15 үйүнүн жер төлөөсүнө муниципалдык машыгуучу жай ачуу үчүн оңдоп-түзөө жана капиталдык ремонттон өткөрүү иштерине жергиликтүү бюджеттен 322 329 (үч жүз жыйырма эки миң үч жүз жыйырма тогуз) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
- Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановко милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
- Ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
Төрага | К.Дастиров |