Редакцияот 25.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын VIII чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз III сессиясы

 

2024-жылдын 25-декабры  №3/11   

 

Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүнСары-Булак айылынын Каракужур-Долон чоӊ сууларынын жээгин бекемдөө, терӊдетүү жумуштарын аткарууга макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 36-беренесине ылайык  Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж. Асанбаевдин билдирүүсүнөн кийин Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     Сары-Булак айыл өкмөтүнүн Сары-Булак айылындагы Каракужур-Долон чоӊ сууларынын жээгин бекемдөө, тереӊдетүү жумуштарын аткарууга  «Теӊир-Тоо» өнүктүрүү фондуна сунуштоого макулдук берилсин.

2.     Сары-Булак айылындагы мектептин түндүк тарабындагы Каракужур чоӊ суусун сол жээги 130 м аралыкта «габиом» менене бекемдөө жумуштары жана Долон суусу агып өткөн суу нугун 200 м аралыкта тереӊдетүү жумуштары «Теӊир-Тоо» өнүктүрүү фондуна сунуштоого макулдук берилсин

  3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө жүктөлсүн.  

 

 

 

  

Төрага

Ч.Э. Бейшеев