Редакцияот 30.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН

ТОКТОМУ

Ысык-Ата айылдык Кенешинин 28-чакырылган кезектеги ХV (он бешинчи) сессиясы

 

2023-жылдын 30-январындагы № 94/ХIV-28

 

2022-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2023-жылдын айыл өкмөтүнүн штаттык бирдиктерин бекитүү жөнүндө

 

Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2022-жылдык бюджетинин аткарылышы жана Ысык-ата айыл өкмөтүнүн 2023-жылга түзүлгөн бюджетин 2023-жылга божомол бюджеттик кирешесин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын бюджетинин 102 беренесине ылайык: “2023-жылдын Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн штаттык бирдиктери” А.Айбекованын билдирүүсүн угуп, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кеңеши Токтом кылат:

 

1. 2023-жылдын Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн штаттык бирдиктери жөнүндө” А.Айбекованын билдирүүсү көңүлгө алынсын жана “канааттандырарлык” деп белгиленсин.

2. Белгиленген сын-пикирлер жана кемчиликтер 2023-жылдын штаттык бирдигин кароодо эске алынсын жана Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын штаттык бирдигин оптималдаштыруу сунушун киргизүү Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссия көзөмөлгө алсын.

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

 

 

Төрага

 

Ж.Бейшекеев