Редакцияот 30.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН

ТОКТОМУ

Ысык-Ата айылдык Кенешинин 28-чакырылган кезектеги ХV (он бешинчи) сессиясы

 

2023-жылдын 30-январындагы № 98/ХIV-28

 

Карагай-Булак айылынын айыл башчысы Т.Алчинбаевдин кайрылуусун кароо жөнүндө

Ысык-Ата айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасынын кайрылуусунда көрсөтүлгөн ФАПтын үстүн навес кылып жабууга 2023-жылдын Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинен 100 000 (жүз миң) сом акча каражатын бөлүп берүү өтүнүчүн Ысык-Ата айылдык Кеңеши карап, талкуулап чыгып токтом кылат:

 

1. Жайыт комитетинин төрагасы Т.Алчинбаевдин кайрылуусу ФАПтын үстүн навес кылып жабууга 2024-жылдын Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджети менен каралсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссия көзөмөлгө алсын

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

 

 

Төрага

 

Ж.Бейшекеев