Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 17-январы № 12
"Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2024-жылдын 26-январы, № 7) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренеде "29861401,7" деген цифралар "20108235,4" деген цифраларга алмаштырылсын;
2) 6-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 1-пунктундагы "22586161,7" деген цифралар "12230161,7" деген цифраларга алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктүн 1-пунктундагы "4702669,6" деген цифралар "5045951,0" деген цифраларга алмаштырылсын;
3) 7-берененин 1-бөлүгүндөгү "391889,1" деген цифралар "420495,9" деген цифраларга алмаштырылсын;
4) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын 1, 3-7-тиркемелери ушул Мыйзамдын 1-6-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 18-декабрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |
|
| 1-тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2024-жылга БЮДЖЕТИ
(миң сом менен)
Код | Көрсөткүчтөрдүн аталышы | 2024-жыл |
| Бардык ресурстар: | 20108235,4 |
1 | Кирешелер | 19678580,1 |
12 | Социалдык муктаждыктарга төгүмдөр/чегерүүлөр | 400000,0 |
1231 | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башка кирешелери | 400000,0 |
13 | Алынган расмий трансферттер | 17285419,8 |
1312 | Эл аралык уюмдардан алынган трансферттер | 9307,1 |
1333 | Мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктери тарабынан республикалык бюджеттен алынган каражаттар | 12230161,7 |
1335 | Социалдык фонддун бюджетинен алынган каражаттар | 5045951,0 |
14 | Салыктык эмес кирешелер | 1993160,3 |
1423 | Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр | 1993160,3 |
| а.и. тең төлөө каражаттары | 890036,2 |
| Жыл башына карата калдык | 429655,3 |
| Бардык жалпы чыгашалар: | 20108235,4 |
2 | Чыгашалар | 20108235,4 |
2111 | Эмгек акы | 221756,4 |
2121 | Социалдык муктаждыктарга төгүмдөр/чегерүүлөр | 30992,9 |
2211 | Кызматтык иш сапарларга чыгашалар | 9389,3 |
2212 | Байланыш кызмат көрсөтүүлөр | 1378,9 |
2213 | Ижара акысы | 11633,2 |
2214 | Транспорттук кызмат көрсөтүүлөр | 3892,5 |
2215 | Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу | 7658,5 |
2216 | Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү берене менен берилген чыгашалар | 19782565,9 |
2221 | Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгашалар | 3111,6 |
2222 | Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алуу | 4435,6 |
2224 | Көмүр жана отундун башка түрлөрүн сатып алуу | 196,0 |
2226 | Банктардын кызмат көрсөтүүлөрүн төлөөгө чыгашалар | 1500,0 |
2231 | Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр | 1391,8 |
3111 | Имараттар жана курулмалар | 1807,6 |
3112 | Машиналар жана жабдуулар | 17880,7 |
3113 | Башка негизги фонддор | 8644,5 |
|
| 2-тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2024-жылга бюджети - Кирешелер
(миң сом менен)
Код | Кирешелердин аталышы | 2024-жыл |
| Жыл башындагы калдыкты эске алуу менен кирешелер | 20108235,4 |
| Жыл башына карата калдык | 429655,3 |
1 | Кирешелер | 19678580,1 |
12 | Социалдык муктаждыктарга төгүмдөр/чегерүүлөр | 400000,0 |
1231 | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башка кирешелери | 400000,0 |
12311200 | ММК полисин берүүдөн түшүүлөр | 390000,0 |
12311500 | Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин каражаттары максатсыз же мыйзамсыз пайдалануунун натыйжасында өндүрүп алынуучу каражаттар | 10000,0 |
13 | Алынган расмий трансферттер | 17285419,8 |
1312 | Эл аралык уюмдардан алынган трансферттер | 9307,1 |
13121100 | Учурдагы | 9307,1 |
1333 | Мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктери тарабынан республикалык бюджеттен алынган каражаттар | 12230161,7 |
13332100 | Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандырууга республикалык бюджеттен алынган каражаттар | 11211969,4 |
13332 | Калктын жеңилдик алууга укуктуу категорияларына камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары республикалык бюджеттен алынган каражаттар | 1018192,3 |
13332210 | 16 жашка чейинки балдарды милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары республикалык бюджеттен алынган каражаттар | 766829,3 |
13332220 | Пенсионерлерди милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары республикалык бюджеттен алынган каражаттар | 174470,6 |
13332230 | Бала кезинен майыптарды жана социалдык жөлөкпул алган адамдарды милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары республикалык бюджеттен алынган каражаттар | 26028,2 |
13332240 | Баштапкы кесиптик окуу жайларында окугандарды, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттерин 21 жаш куракка толгонго чейин милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары республикалык бюджеттен алынган каражаттар | 44311,1 |
13332250 | Калкты иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызматында расмий катталган жумушсуз жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары республикалык бюджеттен алынган каражаттар | 4817,3 |
13332260 | Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларын, офицерлерди, прапорщиктерди, мөөнөттөн тышкары кызматтын аскер кызматчыларын милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн компенсациялоо катары республикалык бюджеттен алынган каражаттар | 1735,8 |
1335 | Социалдык фонддун бюджетинен алынган каражаттар | 5045951,0 |
13351100 | Социалдык фонддун бюджетинен милдеттүү медициналык камсыздандырууга алынган каражаттар | 5045951,0 |
14 | Салыктык эмес кирешелер | 1993160,3 |
1423 | Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр | 1993160,3 |
| а.и. тең төлөө каражаттары | 890036,2 |