Редакцияот 14.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кенешинин VlII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2025-жылдын 14-январы № 17

 Суу-Башы айыл аймагынан жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо)жөнүндөгү” №145-Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 14-январындагы №9 сандуу кайрылуу катыны карап чыгып, талкуулап Суу-Башы айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Бөжөй айылында жайгашкан, 1974-жылындагы фотопланшет архивдик карта материалына ылайык суралган 0,05 га жер аянты контуру жок, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын ичиндеги “Жайыт” түрүнөн “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга (транформациялоого) макулдук берилсин.
  1. Токтомдун негизинде керектүү болгон иш кагаздарын даярдап берүү жагы         Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

  1. Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук  актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү  үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  1. Ушул токтомду  көзөмөлгө алуу жагы жер,айыл чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

К.Шакиров