ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
Ысык-Ата айылдык Кенешинин 28-чакырылган кезектеги ХV (он бешинчи) сессиясы
2023-жылдын 30-январындагы № 102/ХIV-28
Ысык-Ата айыл аймагынын Тогуз-Булак айылынын тургундарынын “Осмонов” көчөсүн “Эсенкулов Кубанычбек” ысымына которуу кайрылуусу жөнүндө
Тогуз-Булак айыл тургундарынын 2022-жылдын 19-декабрындагы “Тогуз-Булак айылынын “Осмонов” көчөсүн “ Эсенкулов Кубанычбек” ысымыны которуп берүү үчүн айылдык Кеңештин макулдук берүү жөнүндө” кайрылуусун карап, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айыл аймагына караштуу Тогуз-Булак айылында жайгашкан “Осмонов” көчөсү “Эсенкулов Кубанычбек” болуп өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Тологоновго жүктөлсүн. Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия көзөмөлгө алсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага |
| Ж.Бейшекеев |