Редакцияот 29.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

 

Ысык-Ата айылдык Кеңешинин 29- чакырылган кезектеги I (биринчи) сессиясы

 

 

 

2024-жылдын 29-ноябры № 3/I-29

 

 

Ысык-Ата айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө

 

Мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, айкындуулугун жана эл менен байланышын чыңдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы №271 “III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө”  Жарлыгы жана Элдик Курултайды уюштуруу боюнча комитетинин 2023-жылдын 16-декабрындагы №16 чечими жана КР айылдык аймактарынан жана шаарларынан делегаттарды шайлоо боюнча кадамдап аткарылуучу аракеттердин нускамасына ылайык маселени карап жана талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:

1. Ысык-Ата айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйыны 2024-жылдын 07-декабрына чакырылсын.

2. Ысык-Ата айыл аймагынын өкүлчулүктүү жыйынынын курамы калктын санына ылайык -50 делегаттан турары белгиленсин.

3. Жергиликтүү жамааттар арасында делегат шайлоо боюнча жыйындар 04-декабрдан 05-декабрга чейин графикке ылайык өткөрүлсүн (№1 тиркеме) жана өкүлчүлүктүн нормаларын калктын санына жараша бөлүнөрү эскертилсин.

4. Ысык-Ата айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 5 адамдан бекитилсин (№2 тиркеме)

5. Бул токтом Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн веб сайтына жарыялансын жана тиешелүү тартипте юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлсүн.

6. Жогорудагы токтомдун көзөмөлүн өзүмө калтырам.

Токтом бирдобуштан кабыл алынды.

Төрага

 Н. Ибраимов

 

 

Ысык-Ата айылдык Кенешинин

2024-жылдын 29-ноябрындагы

№3/Ι-29 токтомуна

Тиркеме №1

 

 

Ысык-Ата айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынына делегаттарды көрсөтүү боюнча өткөрүлүүчү жыйындарынын

 

ГРАФИГИ:

 

№

Өткөрүлүүчү орду

Убактысы

Калктын саны

Делегаттардын саны

Жооптуулар

1

Карагай-Булак

04.12.2024

Саат 10.00

895

5

Усупбаев Артык,

Т.Алчинбаев

2

Тогуз-Булак

04.12.2024

Саат 12.00

608

5

Итибаева Рыскан,

Э.Шеримбеков

3

Горная-Серафимовка

04.12.2024

Саат 14.00

475

5

Итибаева Рыскан,

Э.Шеримбеков

4

Алмалуу

04.12.2024

Саат 15.00

1716

10

Сейдакматов Эрмекбай,

У.Далбаев

5

Жогорку-Ичке-Суу

05.12.2024

Саат 10.00

349

5

Сарыбаева Мейликан,

Э.Тоялиев

6

Ичке-Суу

05.12.2024

Саат 12.00

404

5

Сарыбаева Мейликан,

Э.Тоялиев

7

Норус

05.12.2024

Саат 12.00

390

5

Сарыбаева Мейликан,

Э.Тоялиев

8

Үч-Эмчек

05.12.2024

Саат 14.00

906

5

Канатбек уулу Адилет,

К.Керимкулов

9

Таш-Башат

05.12.2024

Саат 15.00

261

5

Канатбек уулу Адилет, К.Керимкулов

Төрага

 Н. Ибраимов

 

 

Ысык-Ата айылдык Кенешинин

2024-жылдын 29-ноябрындагы

№3/Ι-29 токтомуна

Тиркеме №2

 

 

Ысык-Ата айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы:

 

№

ФАА

Кызматы

1

Ибраимов Нурлан Таалайбекович

Ысык-Ата айылдык Кенешинин төрагасы , жумушчу топтун төрагасы

2

Алымкулова Айзат Эгембердиевна

Ысык-Ата айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары, жумушчу топтун төрагасынын орун басары

3

Сарыбаева Мейликан

Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаты, жумушчу топтун катчысы

4

Итибаева Рыскан

Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаты, жумушчу топтун мүчөсү

5

Сейдакматов Эрмекбай

Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаты, жумушчу топтун мүчөсү

6

Усупбаев Артык

Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаты, жумушчу топтун мүчөсү

7

Канатбек уулу Адилет

Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаты, жумушчу топтун мүчөсү

Төрага

 Н. Ибраимов