Редакцияот 30.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН

ТОКТОМУ

Ысык-Ата айылдык Кенешинин 28-чакырылган кезектеги ХV (он бешинчи) сессиясы

 

2023-жылдын 30-январындагы № 106/ХIV-28

 

Ысык-Ата айыл аймагынын чек араларына видео көзөмөл камерасын орнотуу маселесин кароо жөнүндө Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Тологоновдун кайрылуусу жөнүндө

 

Ысык-Ата райондук мамлекеттик адаминистрациясынын башчысы. А Осмоновдун каты жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 20-июнундагы №46 сандуу “Сырткы жайлардагы видеобайкоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, Кыргыз Республикасынын 2017-жылы 10-февраль айында чыгарылган №24 сандуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2022-жылдын 11-майында кабыл алынган мыйзамдарга ылайык, ошондой эле Ысык-Ата районунун аймагында укук бузуулардын алдын алуу жана жараандардын коопсуздугун камсыздоо, жасалган кылмыштардын бетин ачуу жана болтурбоо боюнча айылдын чек араларына видео көзөмөл камерасын орнотуу маселесин Ысык-Ата айылдык Кеңеши карап, талкуулап чыгып, токтом кылат:

 

1. 2023-жылдын эркин калдыгынан каралсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссия көзөмөлгө алсын

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

 

 

Төрага

 

Ж.Бейшекеев