Редакцияот 30.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН

ТОКТОМУ

Ысык-Ата айылдык Кенешинин 28-чакырылган кезектеги ХV (он бешинчи) сессиясы

 

2023-жылдын 30-январындагы № 108/ХIV-28

 

Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Тологоновдун өтүнүчү жөнүндө

Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Тологоновдун “Социалдык обьектилерди муниципалдык менчик катары каттоого тийиштүү мекемелерден документ алууга акча каражатын, Ысык-Ата өнүктүрүү фондуна Алмалуу айылына сугат суу системасын курууга долбоор жазууга өздүк салымына акча каражаты, Алмалуу айылына бала-бакча имаратынын курулушуна акча каражаты, айыл аймакты жашылдандырууга акча каражаты, конкурстук даярдыктар үчүн алмалуу айылынын борбордук бөлүгүнө флагшток курууга жана спорт тармагына акча каражатын бекитип берүү өтүнүчүн Ысык-ата айылдык кеңеши карап, талкуулап чыгып, 2023-жылдын калган калдыктан каралсын деп токтом кылат:

 

1. Социалдык обьектилерди муниципалдык менчик катары каттоого тийиштүү мекемелерден документ алууга (архитектура, госрегистр, кыргызгипрозем ж.б.) бир миллион акча каражаты бөлүнсүн.

- Ысык-Ата өнүктүрүү фондуна Алмалуу айылына сугат суу системасын курууга долбоор жазууга өздүк салым беш жүз миң сом бөлүнсүн.

- Алмалуу айылына бала бакча имаратынын курулушуна (көрктөндүрүү, коммуналдык системаларды кошууга) эки жүз элүү миң сом акча каражаты бөлүнсүн.

- Айыл аймакты жашылдандырууга жүз миң сом акча каражаты бөлүнсүн.

- Алмалуу айылынын борбордук бөлүгүнө флагшток курууга жүз элүү миң сом бөлүнүсүн.

- Спорт тармагына эки жүз миң сом акча каражаты бөлүнсүн.

Жалпы эки млн. эки жүз миң сом акча каражаты бөлүнсүн.

2. Бул токтомдун аткарылышын бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссия көзөмөлгө алсын

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

 

 

Төрага

 

Ж.Бейшекеев