Редакцияот 30.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН

ТОКТОМУ

Ысык-Ата айылдык Кенешинин 28-чакырылган кезектеги ХV (он бешинчи) сессиясы

 

2023-жылдын 30-январындагы № 109/ХIV-28

 

Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Тологоновдун өтүнүчү жөнүндө

Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Тологоновдун 2011-жылдын 5-августундагы №451 Кыргыз республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунда айыл өкмөтүнүн административдик имараты жайгашкан айылдан башка айылдарда гана айыл башчы муниципалдык кызмат бирдиги каралат.Ошол токтомдун негизинде Алмалуу айылынын айыл башчы кызматынын 1(бир) бирдиги жана Горная Серафимовка айыл башчынын 1(бир) бирдиги кыскартуу боюнча өтүнүчүн Ысык-Ата айылдык кеңеши карап, талкуулап чыгып, токтом кылат:

 

1. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн аппарат бөлүмү боюнча 2(эки) штат (Алмалуу айылынын айыл башчысы жана Горная Серафимовка айылынын айыл башчысы) кыскартылсын.

2. Токтомдун аткарылышын Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Тологоновго жүктөлсүн.

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

 

 

Төрага

 

Ж.Бейшекеев