Редакцияот 30.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН

ТОКТОМУ

Ысык-Ата айылдык Кенешинин 28-чакырылган кезектеги ХV (он бешинчи) сессиясы

 

2023-жылдын 30-январындагы № 111/ХIV-28

 

Ысык-Ата айыл өкмөтүнүнү Ысык-ата райондук мамлекеттик салык башкармалыгынын 2022-жылдын 28-ноябрындагы № 01-13/1087 катын кароо жөнүндө

 

Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн киреше боюнча жетектөө адисинин Өмүрбек кызы Айтургандын мамлекеттик салык башкармалыгынын 2022-жылдын 28-ноябрындагы № 01-13/1087 катынын негизинде Кыргыз Республикасынын Законунун мүлктөргө салык киргизүү 2 пунктунун 3 жобосуна ылайык Ысык-Ата айылдык Кеңеши 2023-жылдын 30-январь 15-сессиянда карап, талкуулап чыгып, токтом кылат:

 

1. Ысык-Ата айыл аймагына 2023-жылдын 1-январынан мүлктөргө салык бекитилип, киргизилсин.

- Кыймылсыз мүлк салыгы;

- Унаа салыгы;

- Жер салыгы;

Токтомдун аткарылышын Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Тологоновго жүктөлсүн.

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

 

 

Төрага

 

Ж.Бейшекеев