Редакцияот 03.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН

ТОКТОМУ

Ысык-Ата айылдык Кенешинин 28-чакырылган кезексиз ХVI (он алтынчы) сессиясы

 

2023-жылдын 03-мартындагы № 116/ХVI-28

 

Жазгы талаа иштерине даярдыктар, фермер жана дыйкан чарбаларга колдоо көрсөтүү, корук маселесин кароо жөнүндө

 

Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Тологоновдун “Жазгы талаа иштерине даярдыктар, фермер жана дыйкан чарбалар колдоо көрсөтүү, корук маселесин кароо иштеринин жүрүшү жөнүндө” баяндамасын Ысык-Ата айылдык Кеңешинин депутаттары угуп, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Сын-пикирлерди эске алып, калктуу пункттардын “Жазгы талаа иштерине даярдыктар, фермер жана дыйкан чарбалар колдоо колдоо көрсөтүү иштерин көзөмөлгө алсын, айыл башчылардын милдетин так, туура түшүндүрсүн жана “канааттандырарлык” деп белгиленсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык иштер мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

 

 

Төрага

 

Ж.Бейшекеев