Редакцияот 03.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН

ТОКТОМУ

Ысык-Ата айылдык Кенешинин 28-чакырылган кезексиз ХVI (он алтынчы) сессиясы

 

2023-жылдын 03-мартындагы № 117/ХVI-28

 

Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджеттик эсебинен калган калдык акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

2022-жылдан калган бюджеттик эсеп боюнча калдык 5185,1 миң сомду Ысык-Ата айылдык Кеңеши карап, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. 2022-жылдан калган бюджеттик эсеп боюнча калдык 5185,1 миң сом калган акча каражаты төмөндөгүдөй сарпталсын:

·       387,0 миң сом Жогорку Ичке-Суу айылынын ички жолдорун оңдотууга каралсын;

·       150,0 миң сом Таш-Башат айылына футбол аянтчасын курууга материал сатып алууга каралсын;

·       150,0 миң сом Тогуз-Булак айылына суу түтүктөрүн сатып алууга каралсын;

·       150,0 миң сом Карагай-Булак айылына таза суу киргизүү суу тутукторун сатып алууга каралсын;

·       150,0 мин сом Горная Серафимовка айылына ички жолдорун оңдотууга каралсын;

·       150,0 миң сом Алмалуу айылынын ичине видеокамера орнотууга жана300,0 миң сом Алмалуу, центр Алмалуу 2 айылдарына балдар аянтчасын курууга каралсын;

·       100,0 миң сом Ысык-Ата айыл аймагына видео камера орнотууга каралсын;

·       85,1 миң сом Ш.Рахманов мектебине керектелүүчү шаймандарын сатып алууга каралсын;

·       900,0 миң сом Үч-Эмчек айылындагы көчө жарыктандырууга каралсын;

·       250,0 миң сом акча каражаты Алмалуу айылынын ички жолдорду оңдоого куйучу май сатып алууга каралсын;

·       600,0 миң сом акча каражаты Алмалуу айылына спорт комплекс оңдоо-түзөө иштерине каралсын;

·       700,0 миң сом акча каражаты Таш-Башат айылынын ички жолдорун оңдоого, балдар аянтчасын куруу, таза суу ишине каралсы;.

·       250,0 миң сом айыл өкмөтүнүн кышкы даярдык көрүү максатында, мештерин оңдоо иштерине каралсын;

·       150,0 миң сом акча каражаты Ысык-Ата айыл аймагына видеокамера орнотуу үчүн каралсын;

·       63,0 миң сом акча каражаты Ысык-Ата айыл аймагындагы китепканаларга

4 (төрт) даана жылыткыч жана 1(бир) даана принтер алууга каралсын;

·       325,0 миң сом акча каражаты Нооруз,Ичке-Суу айылдарына суу түтүктөрүн сатып алууга каралсын;

·       325,0 миң сом акча каражаты Горная-Серафимовка айылына ички жолдорду оңдоого каралсын.

2. Бул токтомдун аткарылышы каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнө жөктөлсүн.

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

 

 

Төрага

 

Ж.Бейшекеев