Редакцияот 28.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Айдаркен шаардык кенешинин V чакырылышынын ачылыш сессиясы

 

2024-жылдын 28-ноябры № 3

 Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча ѳкүлчүлүктүү жыйындарды ѳткѳрүү жөнүндө

КРнын “Элдик Курултай жѳнүндѳ” конституциялык Мыйзамынын, КРнын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы №271 “III Элдик Курултайды ѳткѳрүү жѳнүндѳ” Жарлыгынын, Элдик Курултайдын 2023-жылдын 16-декабрындагы №16 чечими менен бекитилген “Элдик Курултайдын делегаттарынын шайлоо жөнүндө” Жобосунун негизинде, Айдаркен шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Айдаркен шаарынын аймагында Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча ѳкүлчүлүктүү жыйын 2024-жылдын 07-декабрында (ишемби) саат 10:00дѳ Айдаркен маданият сарайында ѳткѳрүлсүн.
  2. Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча ѳкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу ѳкүлдѳрдүн саны нормага ылайык (10 001ден 20 000ге чейин) 100 (жүз) ѳкүл болуп бекитилсин.
  3. Жергиликтүү жашоочулар менен жыйындарды ѳткѳрүү үчүн Айдаркен шаарынын аймагы 4 (тѳрт) аймактык бѳлүктѳргѳ (квартал) жана 1 (бир) айылга бѳлүнүп бекитилсин.
  4. Жер-жерлерде жергиликтүү жашоочулар менен жыйындарды ѳткѳрүү графиги №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
  5. Айдаркен шаардык кеңешинин депутаттары №2 тиркемеге ылайык жергиликтүү жашоочулар менен ар бир аймактык бѳлүктѳрдѳ (квартал) жыйындарды ѳткѳрүүгѳ жооптуу болуп дайындалсын.
  6. Ѳкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана ѳткѳрүү боюнча жумушчу топтун курамы №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
  7. Айдаркен шаардык мэриясы Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жыйындар жана чогулуштар ѳткѳрүлѳ турган күн, убакыт жана жай жѳнүндѳ расмий сайттар, массалык маалымат каражаттары, социалдык тармактар жана башка маалымат булактары аркылуу жергиликтүү жашоочуларга кабарлоо жагы менен кошо жыйындар жана чогулуштар ѳтүүчү жайларды тиешелүү техникалык жабдыктар менен камсыздоосу милдеттендирилсин.
  8. Токтомдун аткарылышы жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы шаардык кеңештин депутаттарына жүктѳлсүн.

Айдаркен шаардык кеңешинин төрагасы

А.А. Алтымышова