АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылыштагы I-сессиясы
2024-жылдын 27-ноябры № 2
Ак-Суу айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын төрага жана төраганын орун басарын шайлоо жөнүндө.
Ак-Суу айылдык Кеңешинин төрагасын жана төраганын орун басарын шайлоо боюнча түзүлгөн эсептөө комиссиясынын төрагасы 8200 “Эгемендүүлүк” шайлоо участкасынын депутаты Кушбакова Замира Азимовнанын билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасын жана орун басарын шайлоо боюнча түзүлгөн эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 27-ноябрындагы №1,№2 протоколдору бекитилсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча түзүлгөн эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 27-ноябрындагы №1 протоколунун негизинде эң көп 15 (он беш) добуш алган, 8200 “ Эгемендүүлүк” шайлоо участкасынан депутат Саматов Абдугафар Рахманкулович Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы болуп шайланды деп эсептелсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча түзүлгөн эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 27-ноябрындагы №2 протоколунун негизинде эң көп 21 (жыйырма бир) добуш алган,8025 “Ак-Суу” шайлоо участкасынан депутат Абдижаборов Бобиржон Отокузиевич Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасынын орун басары болуп шайланды деп эсептелсин.
- Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын төрагасы жана орун басарына адилеттүү,мыйзамда каралган тартипте иш алып баруу жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасына тапшырылсын.
Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин жашы эн улуу депутаты |
Хакимов М |