Редакцияот 27.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги I-сессиясы

 

2024-жылдын 27-ноябры № 4

 “Кезектеги III Элдик Курултайга Ак-Суу айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу,түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жумушчу топ курамын бекитүү жана чогулуштарды өтүү графигин  белгилөө жөнүндө”.     

                                             

    Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы ПЖ № 271 “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндо” Жарлыгына ылайык КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик Кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнса агенттиктин 2024-жылдын 22-ноябрындагы №01-13/702 сандуу катын аткарууга алуу менен Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы А.Саматов жана Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги  1-сессиясы

                                             Т О К Т О М   К Ы Л А Т :

 

1. Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы А.Саматов жана Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы ПЖ № 271 “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик Кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнса агенттиктин 2024-жылдын 22-ноябрындагы №01-13/702 сандуу катын негизинде берген маалыматы көңүлгө алынсын.

2.” Кезектеги III Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыкка ылайык түзүлгөн Жалпы жобонун негизинде  Ак-Суу айыл аймагында жергиликтүү кеңештин депутаттары жана айыл өкмөтүнүн адистеринен төмөнкү курамда Жумушчу тобу түзүлгөндүгү көрсөтүлсүн.

      1.Саматов.А.Р.-Айылдык кеңештин депутаты.(төрага)

     2.Мовлонова.Л.П.-Айылдык кеңештин депутаты.

     3.Гойипов.Ж.-Жеңиш,Алга а/айыл башчысы.

      4.Халмуратов.А.Э.-Айылдык кеңештин депутаты.

      5.Шамшимаматов.А.Ш.-Айылдык кеңештин депутаты.

 

3.Ак-Суу айыл аймагынын айылдарында III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчун чогулуштарды өткөрүү төмөнкүдөй графикте өткөрүлсүн:

 

      Ак-Суу айылы. 5-декабрь 2024-жыл.Саат 16-00 дө.

      Суу-Башы айылы.5-декабрь 2024-жыл.Саат 10-00 дө.

      Жезкен айылы. 5-декабрь 2024-жыл. Саат 12-00 дө.

      Жеңиш айылы. 4-декабрь 2024-жыл саат 12-00 дө.

      Алга айылы. 4-декабрь 2024-жыл саат 10-00 дө.

 

4.Графикке ылайык III Элдик Курултайды өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү,делегаттарды шайлоону уюштуруу жумушчу топко,айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине жана жергиликтүү кеңештин депутаттарына жүктөлсүн.  

 

5.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн администрациясына жана  көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы А.Саматовго тапшырылсын. 

 

Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы:

 

 

А.Саматов