Редакцияот 27.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги I-сессиясы

 

2024-жылдын 27-ноябры № 5

 “Ак-Суу айылынын Корук жана Коргон-Сай ички көчөлөрүн   капиталдык ондоодон өткөрүү жана асфальт басуу үчүн акча  каражатын бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө”.     

                                            

    Ак-Суу айылынын Корук жана Коргон-Сай ички көчөлөрүн  (1200 метр аралыкты) капиталдык оңдоодон өткөрүү жана асфальт басуу үчүн 2025-жылдын Түрткү берүүчү грант эсебине сунуштоо жана Ак-Суу айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары

5 013 824 (беш миллилн он үч миң сегиз жүз жыйырма төрт) сом акча каражатын бөлүү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги  1-сессиясы

                                             ТОКТОМ   К Ы Л А Т :

 

1.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы С.Назырбаевдин  билдирүүсү көңүлгө алынсын.

2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары 2025-жылга  бюджет эсебинен 5 013 824 (беш миллилн он үч миң сегиз жүз жыйырма төрт) сом акча каражатын бөлүүгө макулдук берилсин.

   Суралсын 5 000 000 (беш миллион)сом акча каражаты Түрткү берүүчү(үлүштүк) гранттар эсебинен.

 

3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы С.Назырбаевге жана Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Курбаналиевге жүктөлсүн.

   

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын экономика,бюджет,

соода жана ишкердүүлүк боюнча депутаттардын туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы:

 

 

А.Саматов