Редакцияот 27.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылыштагы кезектеги I-сессиясы

 

2024-жылдын 27-ноябры № 6

 “Ак-Суу айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн  муниципалдык ишканага кошумча жабдууларды сатып алуу үчүн акча каражатын бөлүүгө макулдук берүү  жөнүндө”.     

                                            

    Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Жеңиш айылындагы муниципалдык ишканага кошумча жабдууларды сатып алуу жана орнотуу долбоорун  2025-жылга Лейлек райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо менен 2025-жылдын  бюджетинен Ак-Суу айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары 1 000 000 (бир миллилн) сом акча каражатын бөлүү боюнча Ак-Суу айыл өкмөтүнүн статистти Д.Бекмуратовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги  1-сессиясы

                                            ТОКТОМ   К Ы Л А Т :

 

1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн статистти Д.Бекмуратовдун билдирүүсү көңүлгө алынсын.

2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары 2025-жылга  бюджет эсебинен

1 000 000 (бир миллилн)  сом акча каражатын бөлүүгө макулдук берилсин

 

3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн чтатистти Д.Бекмуратовго жана Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Курбаналиевге жүктөлсүн.

   

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын экономика,бюджет,

соода жана ишкердүүлүк боюнча депутаттардын туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы:

 

 

А.Саматов