Редакцияот 28.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын VIII- чакырылышынын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги уюштуруу сессиясы

 

2024-жылдын 28-ноябры № 1/3

 

Кум-Дөбө  айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын №3 протоколун бекитүү жөнүндө

 

 

Кум-Дөбө  айыл аймагынын айылдык  Кеңешинин Кыргыз Республикасынын     «Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары » жөнүндөгү Мыйзамынын 40-беренесине ылайык Кум-Дөбө  айылдык кеңешинин Регламентине жана депутаттардын VIII чакырылышынын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын № 3 протоколун угуп жана талкуулап Депутаттардын  Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык  кеңеши токтом кылат:

 

1.  Депутаттардын VIIIчакырылышынан шайланган Кум-Дөбө  айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 28-ноябрындагы № 3 протоколу бекитилсин.

 

2.  Кум-Дөбө  айылдык кеңешинин депутаттарынын көпчүлүк добушуна ээ болгон №4149 «Шамшы » шайлоо округунан депутат Ыбышов Каныбек Зарлыкович Кум-Дөбө  айыл аймагынын айылдык  Кеңешинин төрагасы болуп шайлансын.

 

3. Бул токтом Кочкор аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.

 

 

 

Төрага

 

К. Ыбышов