ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
Ысык-Ата айылдык Кенешинин 28-чакырылган кезексиз ХVI (он алтынчы) сессиясы
2023-жылдын 03-мартындагы № 120/ХVI-28
Ысык-Ата айыл аймагынын Норус айылынын тургундарынын “Ала-Тоо” көчөсүн “Чалов Нуркалый” атына которуу боюнча кайрылуусу жөнүндө
Норус айылынын тургундарынын 05.03.2023-жылдын түзүлгөн протоколунун негизинде “Ала-Тоо” көчөсүн “Чалов Нуркалый” ысымына которуп берүү үчүн Ысык-Ата айылдык Кеңешинин макулдук берүү жөнүндө кайрылуусун Ысык-Ата айылдык Кеңешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айыл аймагына караштуу Норус айылында жайгашкан “Ала-Тоо” көчөсү “Чалов Нуркалый” атына өзгөртүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн жана социалдык иштер боюнча туруктуу комиссия көзөмөлгө алсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага |
| Ж.Бейшекеев |