Редакцияот 03.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН

ТОКТОМУ

Ысык-Ата айылдык Кенешинин 28-чакырылган кезексиз ХVI (он алтынчы) сессиясы

 

2023-жылдын 03-мартындагы № 123/ХVI-28

 

Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 17-декабрындагы “Кыргыз Республикасындагы Коомдук алдын алуу борборунун иштеши жөнүндө” катын кароо жөнүндө

Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 17-декабрындагы “Кыргыз Республикасындагы Коомдук алдын алуу борборунун иштеши жөнүндө” катын кароо жөнүндө катын аткаруу жана айыл өкмөтүндөгү Коомдук алдын алуу борборунун жандандыруу максатында Ысык-Ата айылдык кеңешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 17-декабрындагы “Кыргыз Республикасындагы Коомдук алдын алуу борборунун иштеши жөнүндөгү” каты көңүлгө жана аткарууга алынысын.

2. Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 17-декабрындагы “Кыргыз Республикасындагы Коомдук алдын алуу борборунун иштеши жөнүндө” ишмердүүлүгүн алып баруу үчүн жумушчу топ түзүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Тологоновго жүктөлсүн, Социалдык иштер боюнча туруктуу комиссия көзөмөлгө алсын.

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

 

 

Төрага

 

Ж.Бейшекеев