Редакцияот 10.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын VIII- чакырылышынын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги II сессиясы

 

2024-жылдын 10-декабры № 2/1

 

Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Регламентин өзгөртүү толуктоо менен кабыл алуу жөнүндө

 

 

     Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №123-Мыйзамынын 34-беренесин ылайык,Депутаттардын VIII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 6-декабрындагы        №01-25/330 буйругу менен бекитилген, жергиликтүү кеңештин типтүү регламентин  талкуулап  токтом кылат:

1.    Кум-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү кеңештин жаңы редакциясындагы Регламенти  өзгөртүү толуктоо менен бекитилсин.

2.    Кум-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү Кеңештин Регламентинин талаптарынын сакталышына контролдук кылуу жергиликтүү кеңештин төрагасына жана төраганын орун басарына жана тийиштүү туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

3.    Токтомду Юстиция министрлигине катоо Кум-Дөбө айылдык Кеңешинин  жооптуу катчысы Д.Сыдыковго милдеттендирилсин.

 

Төрага

 

К. Ыбышов