Редакцияот 10.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын VIII- чакырылышынын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги II сессиясы

 

2024-жылдын 10-декабры № 2/3 

 

Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнө эки даана дан эгин чабуучу

комбайн жана эксковатор погрузчик тракторун алуу долбоорун

бекитүү жөнүндө

 

          Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 34 жана 39-беренесинин негизинде Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исраиловдун “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фонддун эсебинен алына турган техникалардын долбоорун бекитип жана өздүк салым каражатын бөлүп берүү сунушун  угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кенеши, токтом кылат:

 

  1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна жазылган долбоору бекитилсин.
  1. Өздүк салым үчүн 3 609 600 (үч миллион алты жүз тогуз миң алты  жүз) сом акча каражаты Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн бюджетинен эки даана дан эгин чабуучу комбайн жана бир эксковатор погрузчик тракторун алуу үчүн 2025-жылдын бюджетинин эсебинен которулуп берилсин.
  1. Өздүк салым үчүн акча каражатын которуп берүү жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы Б.Тажиевге милдеттендирилсин.
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кум-Дөбө айылдык кеңешинин бюджет, экономика-финансы жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

 

К. Ыбышов