Редакцияот 10.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Депутаттардын VIII- чакырылышынын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги II сессиясы

 

2024-жылдын 10-декабры № 2/4 

 

 Кум-Дөбө айыл аймагынын Бугучу айылына 1,1 км жолго асфальт

төшөө жана долбоорду бекитүү жөнүндө

 

         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 34 жана 39-беренесинин негизинде Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исраиловдун “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фонддун эсебинен курула турган долбоорду бекитип жана өздүк салым каражатын бөлүп берүү сунушун  угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кенеши, токтом кылат:

 

  1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна жазылган долбоору бекитилсин.
  1. Өздүк салым үчүн 1 294 800 (бир миллион эки жүз токсон төрт миң сегиз жүз) сом акча каражаты Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн бюджетинен Бугучу айылына 1,1 км жолго асфальт төшөө үчүн 2025-жылдын бюджетинин эсебинен которулуп берилсин.
  1. Өздүк салым үчүн акча каражатын которуп берүү жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы Б.Тажиевге милдеттендирилсин.
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кум-Дөбө айылдык кеңешинин бюджет, экономика-финансы жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

 

К. Ыбышов