Редакцияот 12.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Сай айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз II сессиясы

 

2024-жылдын 12-декабры № 8

 Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарда ичүүчү таза сууга жана таштанды чыгарууга болгон тарифин бекитүү  жөнүндө

 

 

 

            Ак-Сай айыл өкмөтүнүн “Ак-Сай тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчисинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Сай айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы  токтом кылат:

 

  1. Ак-Сай айыл өкмөтүндөгү айыл аймактарда ичүүчү таза суу тарифин жарандар үчүн жан башына 1м3 8сомдон,ишкана-мекемелер үчүн 1м3 25 сомдон бекитүүгө макулдук берилсин.

2.     Таштанды чыгарууга ар бир түтүнгө 150 сомдон бекитүүгө макулдук берилсин.

3.     Ушул токтомдун аткарылышы “Ак-Сай” муниципалдык ишканасынын жетекчиси У.Өмүровго жүктөлсүн.

  1. Ушул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин өнөр жайы, курулуш, транспорт, соода байланышы, энергетика, суу менен камсыздоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. 

айылдык

кеӊешинин тѳрайымы

 

Ш.Омурова