АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Сай айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2024-жылдын 12-декабры № 8
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагы аркылуу курулуучу Тамдык-Кишемиш автожолуну трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июль айындагы 145 "Жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү" Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 сандуу токтомун жетекчиликке алыпАк-Сай айыл өкмөтүнүн аймагы аркылуу курулуучу Тамдык-Кишемиш автожолуну трансформациялоого макулдук берүү үчүн Ак-Сай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IIсессиясы токтом кылат:
- Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагы аркылуу курулуучу Тамдык-Кишемиш автожолунун № 5377, 5385, 5392, 5393, 5386, 5388, 5387, 5443, 5444, 5441, 5456, 5445, 5439, 5494, 5497, 5500, 5501, 5503, 5509, 5554, 5555, 5559, 5564, 5565, 5590, 5592, 5594, 5470, 5470, 5471, 5472, 5503, 5504, 5520, 5527, 5575, 5576, 5578 -контурунда жайгашкан 57,27га “Жайыт жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
- Жогоруда белгиленген жер аянтынын мындан аркы трансформациялоо иш кагаздарын даярдоо жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Айылдык кеӊешинин тѳрайымы |
Ш.Омурова |