АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Сай айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2024-жылдын 12-декабры № 10
Ак-Сай айылдык аймагынын айылдык
кеңешин кайра каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын , “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде административдик аймактык бирдиктер жөнүндө” 2024-жылдын 13-сентябры №165 Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесинин . “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды,филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып,Ак-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз II сессиясы токтом кылат:
- Ак-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши,аймактык реформага байланыштуу Уч-Дөбө ,Таш-Тумшук айылдарынын Ак-Татыр айыл өкмөтүнө,Чет-кызыл участкасынын Төрт-Гул айыл өкмөтүнө кошулушу жана Самаркандек айыл өкмөтүнүн Миң-Өрүк,Баткен шаарынын Мин-Булак участкалары Ак-сай айыл өкмөтүнө кошулуп, Ак-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши, Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында кайра каттоодон өткөрүлсүн.
- Ак-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин Жобосу бекитилсин.
- Ак-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин юридикалык дареги Кыргыз Республикасы,Баткен облусу,Баткен району,Ак-Сай айылы болуп аныкталсын.
- Ак-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемесин кайра каттоодон өткөрүү жагы айылдык кеңештин төрайымы Ш.М.Омуровага жүктөлсүн.
Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын,ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Айылдык кеӊешинин тѳрайымы |
Ш.Омурова |
“Бекитемин”
Ак-Сай айылдык кеңешинин
төрайымы_________Ш.Омурова
“12” декабрь 2024-ж
Айылдык кеңештин убактылуу типтүү жобосу.
1.Жалпы жоболор.
1. Айылдык кеңештин ушул Убактылуу типтүү жобосун юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда айылдык кеңешти юридикалык жак катары каттоодо колдонуу үчүн иштелип чыккан жана айылдык кеңештин ишин жөнгө салат.
- Айылдык кеңеш өз ишин коллегиялык негизде жүзөгө ашырган, пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик аймактын реформа мезгилинде Ак-Сай айылдык кеңештин депутаттарынан турган (бириктирген) Ак-Сай айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органы.
- Айылдык кеңеш юридикалык жак болуп саналат, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары, фирмалык бланктары жана башка атрибуттары болот.
Айылдык кеңештин толук фирмалык аталышы :
- Мамлекеттик тилде - “Ак-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси
- Расмий тилде - Айылный кеңеш “ Ак-Сайского айылного аймака” учреждение
- Айылдык кеңештин кыскартылган фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде- “Ак-Сай айылдык кеңеши”м-си
- Расмий тилде У-е “Ак-Сайский Айылный кеңеш”
-
Юридикалык дареги : Кыргыз Республикасы, Баткен облусу, Баткен району Ак-Сай айылы, К.Марданаев көчөсү , №7
- Айылдык кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын , “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө “ Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
- Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте муниципалитеттер аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат.
2. Айылдык кеңештин ишинин укуктук жана уюуштуруучулук
негиздери