Редакцияот 21.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИНИН XXVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №3-КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ

 

2024-жылдын 21-июнундагы   № 17                                                             

 

 Мүрзөлөрдүн жерлерин мыйзамдаштыруу жѳнүндѳ

 

Оргочор айыл аймагына караштуу айылдарда жайгашкан  кѳрүстөндөрдү иретке келтирүү, тегерегин курчоо жана муниципалдык менчикке алуу максатында мамлекеттик АКТы алуу боюнча  Оргочор айыл ѳкмѳтүнүн орун басары-жооптуу катчысы М.Алиевдин жана жер адиси А.Салмакеевдин билдирүүлѳрү угулуп жана талкууланып жергиликтүү кеңештин депутаттары токтом  кылат:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-статьясынын негизинде Оргочор айыл аймагына караштуу айылдарда жайгашкан көрүстөндөргө мамлекеттик АКТы алууга макулдук берилсин.
  1. Көрүстөндөрдү иркетке келтирилип, тиешелүү иш кагаздары даярдоо жагы айыл өкөтүнө милдеттендирилсин.
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  жергиликтүү кеңештин   айыл чарба жана экология  маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага А. Тыныбеков