ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИНИН XXVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №4-КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 26-июлундагы №19
Оргочор айыл аймагына караштуу Ак-Дөбө айылында мектепке чейинки билим берүү уюмун түзүү жөнүндө
Оргочор айыл аймагындагы Ак-Дөбө айылына 100 орунду мектепке чейинки билим берүү уюму ачылып жаткандыгына байланыштуу, бала бакчага билим берүү тармагына зор салымын кошкон, филология илимдеринин доктору, профессор Акеш Имановдун ысымын ыйгаруу жөнүндөгү Ак-Дөбө айылынын элдик жыйынынын протоколун карап чыгып, талкуулап жергиликтүү кеңеш токтом кылат:
- Ак-Дөбө айылынын 100 орунду мектепке чейинки билим берүү уюмуна Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагына эмгеги сиңген филология илимдеринин доктору, профессор Акеш Имановдун ысымы ыйгарылсын.
- Ак-Дөбө айылынын 100 орунду мектепке чейинки билим берүү уюмунун юридикалык жактан аталышы “Филалогия илимдеринин доктору, профессор Акеш Иманов атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму” мекемеси деп аталсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социялдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Оргочор айыл өкмөт башчысы Ж.Жумашовго жүктөлсүн.
Тѳрага А.Тыныбеков