Редакцияот 18.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги III сессиясынын

 

2024-жылынын 18-декабры №3-3

 

« Токтомду жокко чыгаруу жөнүндө».

         

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде, Кызыл-Туу айылдык Кеңешинин регламентин негиздеп, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин укук, мыйзамдуулук, регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколун негиздеп, Сузак районунун прокуратурасынын 2024-жылдын 17-декабрындагы №24/143-07-11/1-5-02637 каршылык билдирүүсүн жетекчиликке алып, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

  1. Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-ноябрындагы №17-4 токтому жокко чыгарылсын.

 

  1. Токтомду ишке ашырылуусун көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук, мыйзамдуулук, регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

  1. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

 

 

 

 

Төрага:

А.Алимов