Редакцияот 18.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги III сессиясынын

 

2024-жылынын 18-декабры №3-4

 

« Муниципалдык мал базар курууга макулдук берүү жөнүндө ».

         

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 13-декабрындагы № 01-28/1639 сандуу кайрылуу катынын негизинде, айылдык кеңештин айыл чарба, архитектура, курулуш, транспорт, экология жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасынын сунушун угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

1.     Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Кызыл-Сенир айылындагы МХО участкасындагы №118 контурундагы 16 га жер аянтына муниципалдык мал базар курууга макулдук берилсин.

 

2.     Мыйзам негизинде керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине жүктөлсүн.

 

3.     Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

 

 

 

 

Төрага:

А.Алимов