Редакцияот 26.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ОРГОЧОР  АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2024-жылынын 26-июлу №24

Кошумча штат бирдиги жөнүндө

 

Оргочор айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетинин  2024-жылдын  7-февралындагы  “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө”  №52 токтомунун негизинде, 11 штат бирдиги жана 6 келишимдин негизинде айыл башчыларды алып иш алып барууда. 14 айылдан турган айыл өкмөттө, айыл башчылары жок айылдардагы көйгөйлөр чечилбей артта калууда. Айыл башчысы жок айылдарга айыл башчы керек экендиги жөнүндө жергиликтүү кеңештин депутаты С.Асаналиевдин жана айыл  өкмөткө экономист-статист менен аскерге каттоо боюнча да кошумча кызматкер керек экендиги боюнча айыл өкмөттүн   билдирүүлөрү угулуп, талкууланып, жергиликтүү кеңештин сессиясы токтом кылат:

  1. Оргочор айыл өкмөтүнө кошумча экономист-статист, аскерге каттоо боюнча кызматкерлер жана 4 айыл башчы келишимдин негизинде жумушка алууга макулдук берилсин.
  1. Келишим менен алынуучу кызматкерлердин эмгек акыларын мыйзам чегинде эсептеп берүү жагы  Жети-Өгүз райондук казына бөлүмү менен макулдашылсын.

3.     Айыл өкмөт башчысы Ж.Жумашов  менен айыл өмөттүн социалдык экономикалык өнүгүү жана статистика боюнча бөлүм башчы Ч.Казиевага мыйзам чегинде тууралап иш алып баруу жагы тапшырылсын.

  1. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн жана токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө финансы пландоо туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Тѳрага                                                                                                   А.Тыныбеков