Редакцияот 26.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги V сессиясынын

 

2024-жылынын 26-декабры №5-1

 

« Таш майдалоочу завод курууга макулдук берүү жөнүндө».

         

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 24-декабрындагы № 01-28/1736 сандуу кайрылуу катынын негизинде, айылдык кеңештин айыл чарба, архитектура, курулуш, транспорт, экология жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасынын сунушун угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

1.     Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Кызыл-Сенир айылындагы МХО участкасынын № 118 контурундагы 6,5 га жер аянтына таш майдалоочу завод курууга макулдук берилсин.

 

2.     Мыйзам негизинде керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине жүктөлсүн.

 

3.     Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

 

 

 

 

Төрага:

А.Алимов