Редакцияот 26.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2024-жылынын 26-июлу №25

Культцентр жөнүндө

Оргочор айыл аймагындагы Үч-Кошкон айылы учурда Кыргыз Республикасынын Администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин объектилерин белгилөө тутумунунун мамлекеттик классификаторунда 41702 210 810 020 коду менен  Культцентр айылы болуп турат. Бүгүнкү күндө Культцентр Үч-Кошкон айылы деп аталууда деп жергиликтүү кеңештин депутаты У.Джаналиевдин  билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү кеңештин сессиясы токтом кылат:

  1. Оргочор айыл аймагына караштуу Үч-Кошкон айылы  Кыргыз Республикасынын Администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин объектилерин белгилөө тутумунунун мамлекеттик классификаторунда 41702 210 810 020 коду менен  Культцентр деп аталышта турганы эске алынсын.
  1. Култьцентр айылын Кыргыз Республикасынын Администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин объектилерин белгилөө тутумунунун мамлекеттик классификаторундагы 41702 210 810 020 кодунан менен Үч-Кошкон айылы деп өзгөртүү кийирүүгө макулдук берилсин.
  1. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн жана токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө айыл чарба  боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Тѳрага                                                                                                   А.Тыныбеков