ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 26-июлу №26
Тилекмат-Мундуз аралык асфальт жолу жөнүндө
Оргочор айыл аймагындагы Тилекмат-Мундуз аралык асфальт жолуна 2021-жылы асфальт төшөлгөн. Мундуз кыш заводунан оор жүк ташуучу машиналардын каттамындагы асфальт жол бүгүнкү күндө талкаланып, жараксыз абалга келүүдө. Жаңы төшөлгөн асфальттын жараксыз абалга учурап баратканын билдирген жергиликтүү кеңештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Ш.Кыштобаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү кеңештин сессиясы токтом кылат:
- Тилекмат- Мундуз аралык жолу Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин балансында болгондуктан, №35-жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Б.Барыктабасовго кат жолдонсун.
- Кыш заводунан КАМАЗ, ХОВО авто унаалары жүк менен чыгып жол талкаланууда экендиги Мундуз кыш заводунун жетекчиси Б.Асановго эскертилсин.
- Мундуз-Тилекмат жолунун асфальты оор жүк ташуучу машиналардын кесепетинен талкаланып жаткандыгына байланыштуу асфальт жол менен кыш (кирпич) ташууга тыюу салынсын.
- Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага А.Тыныбеков