Редакцияот 13.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги V сессиясынын

 

2025-жылынын 13-январы №6-2

 

« Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын курамына (резервине) талапкерлерди сунуштоо жөнүндө».

         

Кыргыз Республикасынын борбордук шайлоо комиссиясынын Ноокен, Базар-Коргон, Сузак, Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлү М. Маматовдун 2024-жылдын 16-декабрындагы №7/36 сандуу катынын, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 19-декабрындагы №03-3/6828 сандуу кайрылуу катынын негизинде, Кызыл-Туу айылдык Кеңешинин регламентин негиздеп, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

  1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Орто-Азия айылынын тургуну Умарбекова Тамара Калдыкбаевнаны, Ак-Баш айылынын тургуну Аттокурова Гульзада Орозалиевнаны, Ак-Баш айылынын тургуну Мурзакулова Атиргуль Калмаматовнаны Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын курамына (резервине) талапкер катары сунуштайт.

 

  1. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

 

 

 

 

Төрага:

А.Алимов