ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 26-июлу №27
“Оргочор айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыгаруу жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө
Оргочор айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымындары жана талыкпас көп жылдык үзүрлүү эмгектери бар инсандарынын эмгегин баалоо менен Оргочор айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу үчүн иштелип чыккан Жобо жөнүндө жергиликтүү кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Узакованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү кеңештин сессиясы токтом кылат:
- “Оргочор айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү Жобо алымча кошумчасы менен бекитилсин.
- “Оргочор айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү Жобого ылайык аймакка эмгеги сиңген адамдар сыйлоого көрсөтүлсө, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын кароосунда каралсын.
- “Оргочор айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү Жобого ылайык төш белгилери, лентасы жана күбөлүгүн жасатып даярдоо жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысы Э.Тариеловага жана айыл өкөт башчысы Ж.Жумашовго жүктөлсүн.
- Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб сайтына жарыялоого тиешелүү электрондук иш кагаздарын жиберүүгѳ жана юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн иш кагаздарын алып баруу жагы жергиликтүү кенешинин жооптуу катчысы Э.Тариеловага тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социялдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага А.Тыныбеков
“БЕКИТИЛДИ”
Оргочор жергиликтүү кенешинин
2024-жылдын 26-июлундагы
№27 -токтому менен
1-тиркеме
Оргочор айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
2. Оргочор айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамына талапкерлерди көрсөтүүнүн тартиби
3. Оргочор айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруунун жана тапшыруунун тартиби
4. Башка жоболор
5. Бул Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө.
1.Жалпы жоболор
1.1. Оргочор айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы Ысык-Көл облусунун Жети-ϴгүз районундагы Оргочор айыл аймагында жарандарды сыйлоонун жогорку формасы жана алардын мамлекетти жана демократиялык коомду, элдердин биримдигин коргоого жана чыңдоого, өлкөнүн экономикалык, интеллектуалдык жана рухий потенциялын арттырууга кошкон салымы, ошондой эле мамлекеттин жана элдин алдында коомдук, гуманитардык, кайрымдуулук жана башка иштердеги сиңирген эмгегин таануу болуп саналат.
1.2. Оргочор айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы Оргочор жергиликтүү кеңеши жана Оргочор айыл өкмөтү тарабынан уюштурулат.
1.3. Оргочор айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамына талапкерлерди көрсөтүүнүн, наамды ыйгаруунун жана тапшыруунун, сактоонун тартиптери, бул сыйлык тууралуу башка эрежелер ушул жобого ылайык жөнгө салынат.
1.4. Кыргыз Республикасынын анын ичинде Ысык-Көл облусунун, Жети-ϴгүз районунун, Оргочор айыл аймагынын алдында сиңирген эмгектери үчүн Оргочор айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы менен сыйланышы мүмкүн:
- Оргочор айыл аймагынын тургундары;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку жакта иштеген өкүлдөрү;
- Чет өлкөлөрдө иштеген жана убактылуу жашап жаткан кыргыз жарандары;
- Чет өлкөлүк жарандар (аймакка тартылган инвестициянын көлөмүн эске алуу
менен)
Аларды сыйлоо боюнча сунуштар жалпы негиздерде берилет.