Редакцияот 29.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин I- чакырылышынын кезексиз XXXIV сессиясынын

 

2024-жылынын 29-августу №6

 

« Базар-Коргон шаар мэриясына караштуу 3 ишкана (“Көрктөндүрүү, жашылдандыруу” чарбасы, “Капиталдык курулуш департаменти”, “Тазалык” муниципалдык ишканалары) жайгашкан имараттын ушул күнгө чейин электр энергиядан болгон карызы 70851,78 миң сом акча каражатын бөлдүрүп берүү жөнүндө ».

           

Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №59 Бюджеттик кодексинин 78-беренесин аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын мэри Т.Осмоновдун 28.08.2024-жылкы чыгыш 01-17/1567 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңештин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XХХIV-сессиясы токтом кылат:

 

  1. Базар-Коргон шаар мэриясына караштуу 3 ишкана (“Көрктөндүрүү, жашылдандыруу” чарбасы, “Капиталдык курулуш департаменти”, “Тазалык” муниципалдык ишканалары) жайгашкан имараттын ушул күнгө чейинки электр энергиядан болгон карызы 70851,78 миң сом акча каражаты төлөнүп берилсин.

 

  1. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана мэриянын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Рахмоналиевге жүктөлсүн.

 

  1. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg  веб-сайтына жарыялансын.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш артуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Нуркамиловго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

К.К. Анарбеков