Редакцияот 29.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин I- чакырылышынын кезексиз XXXIV сессиясынын

 

2024-жылынын 29-августу №7

 

« Базар-Коргон шаарынын борборунда жайгашкан айлампага коюлган (LED) электрондук экранга жарнактарды жайылтуу үчүн 1 айлык нарктын баалары (прейскуранты) тиркемеге ылайык бекитип берүү жөнүндө ».

         

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-34-беренелерин аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын мэри Т.Осмоновдун 28.08.2024-жылкы чыгыш 01-17/1568 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңештин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XХХIV-сессиясы токтом кылат:

 

  1. Базар-Коргон шаарынын борборунда жайгашкан айлампага коюлган (LED) электрондук экранга жарнактарды жайылтуу үчүн 1 айлык нарктын баалары (прейскуранты) тиркемеге ылайык бекитилсин. Тиркелет: №1-тиркеме.

 

  1. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана Базар-Коргон шаар мэриясына караштуу муниципиалдык менчикти башкаруу департаментинин башчысы Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.

 

  1. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg  веб-сайтына жарыялансын.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш артуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Нуркамиловго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

К.К. Анарбеков

 

 

 

“БЕКИТИЛДИ”

Базар-Коргон шаардык

кеңешинин I – чакырылышынын

кезексиз XХХIV - сессиясынын

№7-токтому менен “___”___________2024ж.

Базар-Коргон шаардык кеңешинин төрагасы

____________К.Анарбеков

 

Базар-Коргон шаарынын аймагында жайгашкан муниципиалдык (LED) электрондук экранга жарнактарды жайылтуу үчүн бир айлык наркы

 

                                              ПРЕЙСКУРАНТЫ

№

 

Аталышы

1 даана жарнактын 1 айга коюлуучу наркы

1

 

Видео жарнак(ролик) 1 мүнөткө чейин

 

7000,0

2

 

Видео жарнак (ролик) 1 мүнөттөн ашса

 

 

10000,0

3

 

Сүрөт (фото) слайдшоу

                                5000,0

4

Сүрөт (фото) слайдшоу

                                3500,0

5

 Жүгүртмө сөздөр

                                   2000,0

 

 

 

“Муниципалдык менчикти башкаруу”

департаменти ишканасынын жетекчиси

 

Н. Мамбеталиев